Камактагы активист Жапаров менен Ташиевге: "Аялдарды боштопосоңр юбка кийип алгыла"
RU

Камактагы активист Жапаров менен Ташиевге: "Аялдарды боштопосоңр юбка кийип алгыла"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаардык сотунда массалык баш аламандык уюштурууга айыпталган камактагы активисттердин, саясатчылардын жана журналисттердин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз каралууда.

Сот залында активист Али Шабдан аялдарды бошотуу зарылдыгын айтты.

"Мен Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылам. Камактагы аялдарды чыгарып койгула. Энелерди сыйлагыла! Энелерге эмне үчүн мынчалык кордук көрсөтөсүңөр? Жок дегенде аялдарды чыгарып койгула, болбосо экөөңөр юбка кийип алгыла. Кыйналып жатышат, баса албай калышты. Бир камерадан экинчи камерага алып барышты. Мен сотторго ишенбейм, булар Садыр Жапаровдун жалдап алган сулуу кыздары. Азыр ишенбөөчүлүк көрсөтүп жатам сотторго", - деди Али Шабдан.

Эске салсак, 23-октябрда опозиция саясатчылары, активисттер коомдук баш аламандыкты жаратууга шектелип кармалган. Андан бир күн мурун Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн.

27-октябрда кармалган активисттер соттун чечими менен эки айга СИЗОго киргизилген.

14-декабрдан тарта алардын айрымдары ачкачылык жарыялашкан.

Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (57 статей)
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноябрь 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октябрь 2023, 09:48
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын үчөө үй камагына чыкты
28 Август 2023, 13:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9733