СИЗОдогу 16 камалуучу ачкачылыкты токтотту
RU

СИЗОдогу 16 камалуучу ачкачылыкты токтотту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Массалык баш аламандыкка даярдануу боюнча камакка алынган активисттер, саясатчылар жана журналисттердин ичинен 17 адам ачкачылык жарыялашкан. Бүгүн, 28-декабрга карата 16 камалуучу ачкачылыкты токтотконун Жазаларды аткаруу кызматынан ырасташты.

Маалымдалгандай, 27-декабрда СИЗО-1дин жетекчилигине 16 адамдан арыз келген. Дагы бир камалуучунун арызы күтүлүүдө дешет мекемеден.

Белгилей кетсек, 14-декабрда Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Перизат Суранова, Орозайым Нарматова ачкачылык жарыялашкан. Кийинчерээк 17 камалуучу ачкачылык жарыялаганы белгилүү болгон.

Ал эми 20-декабрда Азимбек Бекназаров, 21-декабрда Айданбек Акматов ачкачылыкты токтоткон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9619