Тенгиз Бөлтүрүккө операция жасалды
RU

Тенгиз Бөлтүрүккө операция жасалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кумтөр Голд Компани" ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүккө операция жасалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, бир күн мурун Теңиз Бөлтүрүк Бишкектеги ооруканалардын бирине жаткырылып, операция жасалган.

Белгилей кетсек, Бишкектин Октябрь райондук соту Бөлтүрүктү 2023-жылдын 10-январына чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта калтырган. Бөлтүрүктүн жактоочусу бул чечимге каршы шаардык сотко арызданып, бүгүн, 21-ноябрда анын баш коргоо чарасы каралмак.

Ал ооруп калганына байланыштуу сот отуруму 25-ноябрь саат 09:30га жылдырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9354