Теңгиз Бөлтүрүк дагы эки айга камакта калтырылды
RU

Теңгиз Бөлтүрүк дагы эки айга камакта калтырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кумтөр Голд Компани" ишканасынын мурдагы тышкы менеджери Теңгиз Бөлтүрүк дагы айга камакта калтырылды. Маалыматты Бишкек шаардык сотунан билдиришет.

Бишкектин Октябрь райондук соту Теңгиз Бөлтүрүктү 2023-жылдын 10-январына чейин камакта калтырды. Теңгиз Бөлтүрүктүн жактоочусу соттун бул чечимине даттанарын белгиледи.

Буга чейин Башкы прокуратура "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын кызматкерлеринин коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин билдирген. Анын алкагында Теңгиз Бөлтүрүктөн тышкары камсыздандыруу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Джаналиева менен каржы департаментинин директору Рыспек Токтогулов дагы кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9258