Камактагы активисттин аялына тагылган айып боюнча сот өттү
RU

Камактагы активисттин аялына тагылган айып боюнча сот өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 12-январда Биринчи Май райондук сотунда камактагы активист Айбек Бузурманкуловдун жубайы Толгонай Солтонованын иши каралды. Судья Адылбек Эсенбаев милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрү карама-каршы келгенин билдирип, жыйынтыгында сот 17-январга жылдырылды.

Солтонва 10-январда камактагы активист, саясатчыларды колдоо боюнча тынчтык маршына катышкан. Ошол иш-чарада милиция кызматкерлери марштын айрым катышуучуларын кармап, РИИБге жеткиришкен, арасында Солтонова да болгон. Милиция бөлүмүнө жеткирилгендер ошол эле күнү бошотулган.

Бирок айрымдарына, анын ичинде Солтоновага айып тагылып, материалдар соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Активисттин жубайына 128-берене (Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) менен айып тагылган.

Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (57 статей)
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноябрь 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октябрь 2023, 09:48
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын үчөө үй камагына чыкты
28 Август 2023, 13:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9897