Бишкек ШИИБдин жетекчиси 3 адамдын өлүмү боюнча: Кошуналары үндөргө маани беришкен эмес
RU

Бишкек ШИИБдин жетекчиси 3 адамдын өлүмү боюнча: Кошуналары үндөргө маани беришкен эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте бир үй-бүлө мүчөлөрү киши колдуу каза болгон окуя боюнча шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Ногойбаев маалымат берди.

Айтымында, кошуналары үндөрдү укканы менен маани беришкен эмес.

"Эмеректердин жылдырылганын, жерге бир нерсе түшкөнүн, кыйкырыктарды кошуналары угушкан. Унаанын сигнализациясынын үнү да угулган. Кыз терезеден секирип түшкөндө унаага кулап, сигнализация иштеген. Буга кошуналары анча маани беришпей, үй башчысына кеч кабарлашкан. Ал жумуштан келип, видеокамераны карап, участкалык милицияга кабарлап, кызматкер абал менен таанышкан. Милиция менен ӨКМнын кызматкерлери барып, батирди ачып, үч адамдын сөөгүн табышкан", - деди ал.

Кылмыштын бетин ачууга видеокамерадагы жазуулар жардам бергенин кошумчалады Ногойбаев.

"Шектүү камераны талкоолого аракет кылганы, каза болгон кызды алып кирип бара жатканы жазылып калган. Кылмышка шектүүнүн аты-жөнү такталып, таңкы саат 4тө өз үйүнөн кармалган. Ал каршылык көрсөтпөстөн, конвойлордун коштоосунда Октябрь РИИБдин тергөө бөлүмүнө жеткирилген".

Бишкек ШИИББдин жетекчиси шаар тургундарын мындай көрүнүштөргө маани берип, кошуналарынын үйүндө ызы-чуу, кыйкырыктар болуп жатканына көңүл бурууну чакырды.

"Мындай учурда жабырлануучуларга тиешелүү жардам көрсөтүүбүз үчүн милиция кабар берүү зарыл", - деп кошумчалады.

Ошондой эле батирди кароо учурунда столдун үстүнөн спирт ичимдиги табылганын белгиледи. "Шектүү менен жабырлануучу спирт ичимдиктерин ичкен, бул экспертизанын жыйынтыгы менен да тастыкталды. Алардын ортосунда оозеки чыр чыгып, ал трагедияга айланган", - деди Ногойбаев.

Эске салсак, 16-февраль күнү саат 21:00 чамасында Бишкектин 5-кичи районунан үч адамдын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ аял, кыз жана бала каза болгонун аныкташкан. Эртеси милиция кызматкерлери үрөй учурган кылмышка шектүүнү кармашкан.

18-февралда шектүү СИЗО-1ге камакка алынган.

18-февралда каза болгон эне жана анын кызы, баласынын сөөгү Баткен облусунун Чимген айылында жерге берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10537