Бишкекте киши колдуу каза болгон эне менен балдарынын сөөгү жерге берилди
Бишкекте киши колдуу каза болгон эне жана анын кызы, баласынын сөөгү Баткен облусунун Чимген айылында жерге берилди. Коштошуу иш-чарасы 18-февралда болгонун Kaktus.media сайтына маркумдун айылдаштары ырасташты.
Каза болгондордун сөөгү аталган айылдагы көрүстөнгө коюлган.
Эске салсак, 16-февраль күнү саат 21:00 чамасында Бишкектин 5-кичи районунан үч адамдын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ аял, кыз жана бала каза болгонун аныкташкан. Эртеси милиция кызматкерлери үрөй учурган кылмышка шектүүнү кармашкан.
18-февралда шектүү СИЗО-1ге камакка алынган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/10391