Бишкекте апасы, кызы жана уулунун өлүмүнө шектүү кармалды. Ал УКМКнын мурдагы кызматкери
RU

Бишкекте апасы, кызы жана уулунун өлүмүнө шектүү кармалды. Ал УКМКнын мурдагы кызматкери

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги 5-кичи райондо 3 адамды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Маалыматты ИИМден билдиришти.

Такталгандай, 16-февралда саат 21:00 чамасында милицияга үч адамдын - 1972-жылы туулган аялдын, 2005-жылы туулган кыздын жана жаш баланын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.

Колго түшүрүлгөн жаран Баткен облусунун Кадамжай районунун 1986-жылы туулган А.Ч.К. аттуу тургуну. Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн билдиришкендей, шектүү кол күрөш боюнча спорттун чебери. Ошондой эле Кадамжай району боюнча Жогорку Кеңештин Баткен району боюнча депутаттыгына талапкер болгон, УКМКнын 9-кызматында да иштеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10367