Апасы, кызы жана баласынын өлүмү. Шектүү 2 айга камакка алынды
RU

Апасы, кызы жана баласынын өлүмү. Шектүү 2 айга камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте үч адамды өлтүрүүгө шектелген жаран СИЗО-1ге киргизилди. Бул тууралуу Свердлов райондук сотунун тергөө судьясынын токтомунда айтылат.

Маалым болгондой, баш коргоо чарасы бүгүн, 18-февралда тандалган. Шектүү А.Ч.К. СИЗО-1де камакта болот. Ал 16-апрелге чейин камакка алынды.

Эске салсак, 16-февраль күнү саат 21:00 чамасында Бишкектин 5-кичи районунан үч адамдын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ аял, кыз жана бала каза болгонун аныкташкан. Эртеси милиция кызматкерлери үрөй учурган кылмышка шектүүнү кармашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10385