Бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн өлүмү. Окуя боюнча маалыматтар топтому
RU

Бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн өлүмү. Окуя боюнча маалыматтар топтому

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин 5-кичи районунда 16-февралда саат 21:00 чамасында үч адамдын сөөгү табылганы тууралуу милицияга маалымат түшкөн.

Окуянын жагдайлары тууралуу бүгүн, 17-февралга карата алынган маалыматтарды топтодук.

Каза болгондор

1972-жылы 5-октябрда туулган К.А.Т. аттуу аял, анын 2005-жылы 24-сентябрда туулган кызы Т.С.А. жана уулу Т.С. (туулган күнү айтылган эмес).

Шектүү ким?

Баткен облусунун Кадамжай районунун 1986-жылы туулган А.Ч.К. аттуу тургуну. Кол күрөш боюнча спорттун чебери, кол күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионаттын күмүш медалынын ээси, дене тарбия жана спорттун отличниги. Шектүү жаран Жогорку Кеңештин Баткен району боюнча депутаттыгына талапкер болгон, УКМКнын 9-кызматында да иштеген.

Кайсы жылдары мамкызматта иштеген?

УКМКнын маалыматына ылайык, шектүү А.Ч.К. 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына жумушка алынып, 2021-жылга чейин кызмат өтөгөн. Мамлекеттик күзөт кызматы 2010-жылдан кийин жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген.

2021-жылы А.Ч.К. пенсияга эмгек стажына байланыштуу УКМКнын 9-кызматынан бошотулган.

Жөнөкөй кызматкерден жетекчилик кызматтарга чейин аркалаган. Аскердик наамы - майор.

Каза болгон адамдар кандай абалда табылган?

Апасы бычакталып каза болгон. Кызынын жансыз денеси дааратканадан табылган. Кире бериштеги видеокамералардын жазуусуна караганда, кыз экинчи кабаттан терезеден кулап же секирип кеткен. Андан кийин белгисиз адам аны батирге алып барып, ал жерден өлтүрүлгөн.

Бала муунуп калган. Анын сөөгү эмеректе жумшак оюнчуктардын арасынан табылган.

Кылмыштын мотивдери

Кылмыштын себептери азырынча ачыктала элек. Бирок, алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгон аял менен шектүү сүйүү мамиледе болушкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10374