Президент "Чет элдик өкүл" мыйзам долбоорун колдогон пикирин айтты
RU

Президент "Чет элдик өкүл" мыйзам долбоорун колдогон пикирин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров депутат Надира Нарматованын демилгеси менен сунушталган өкмөттүк эмес уюмдар (БӨУ) жана коммерциялык эмес уюмдар (БӨУ) жөнүндө мыйзам долбоорун толук колдой турганын билдирди. Президент мындай пикирин Элдик курултайдын жүрүшүндө билдирип, бул мыйзам долбоору боюнча 30дан ашуун өлкө кыйнап жатат дейт.

"Бул боюнча өтө татаал жолдордон өтүп жатабыз. Бизди 30дан ашык өлкө кыйнап, "мыйзам долбоорун кабыл албагыла, кол койбоңуз, анан тиги-бу" деп жатышат. Барган жеримде айтат, "силер бейөкмөт, коммерциялык эмес уюмдарды кыйнап жатасыңар" деп. Акыр аягында менин ачуум келип, 4-5 өлкөдө суроо бердим.

- Силерде өкмөттүк эмес уюмдар барбы десем, "бар" дейт.

- Канча?

- "Бизде деле 10-15 миң".

- Канча жылдан бери иштейт?

- "Илгертен бери иштейт".

- Каяктан, канча акча келип түштү? Эмгек акыга канча бердиң? Соцфондга канчасы кетти? Салыкка канча төлөдүң? Акча кайда жумшалды деген отчёт алабы силерде?

- "Ооба, алат" дейт.

- А эмне үчүн биз отчёт албашыбыз керек? Же биз экинчи сорттогу адамдарбызбы дегенде эле дудук болуп калышат.

Биз алардын акчасын талашып жаткан жокпуз. Кыйнап жаткан жокпуз. Болгону ачык көрсөт деп жатабыз. Буга чейин эч ким көрсөтпөй иштеп келген. 100 миңдеген, миллиондогон доллар, евролорду алып, бирок 1 тыйын салык төлөбөй, өздөрүнүн керектөөсүнө жумшайт", - деген президент.

Белгилесек, чуулгандуу мыйзам долбоорунда "КЭУлар үчүн чет өлкөлүк жардам – бул Кыргызстанга коркунуч туудурган туруксуздаштыруучу күч" деген ой камтылган.

Жарандык коомдун өкүлдөрү Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жардамдын эң чоң, олуттуу бөлүгү мамлекеттик органдарга, анын ичинде өкмөт, Жогорку Кеңеш, министрликтер жана ведомстволорго берилерин, буга байланыштуу Кыргызстандын өкмөттүк эмес, коммерциялык эме секторуна берилген чет өлкөлүк жардамды гана улуттук коопсуздукка коркунучту көрүү адилетсиз болорун белгилешкен.

Мыйзам долбоорунда "чет элдик өкүл" статусун киргизүү жана атайын реестрди түзүү каралган. Ага ылайык, чет өлкөдөн каражат алып, саясий маселелер менен алектенген уюмдар атайын реестрге киргизилип, "чет элдик өкүл" макамын алып, мамлекеттик органдар тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынышы керек. Бирок мыйзамда көптөгөн түшүнүктөр жана формулировкалар так аныкталбагандыктан, ар кайсы уюм "чет элдик өкүл" болуп чыгышы мүмкүн.

Эксперттердин айтымында, азыр киргизилип жаткан түзөтүүлөр саясий максатты көздөйт – ишмердүүлүгү бийликке жакпай калышы мүмкүн болгон көз карандысыз бейөкмөт уюмдарды куугунтуктоону мыйзамдаштыруу.

Бийлик унчукпай келе жаткан мыйзамдагы дагы бир өзгөртүү - коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгү боюнча кылмыш жоопкерчилигин киргизүү. Бул үчүн жаран он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бийлик ушундай маанилүү түзөтүүлөр боюнча бийлик үн катпай, тескерисинче каржылык айкындуулук эле талап кылып жатканын айтып, коомду адаштырууда.

Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамга түзөтүү киргизүү (7 статей)
Оштогу бейөкмөт уюмдар президент менен жеке жолугушууну суранышты. Алардын кайрылуусу
20 Март 2024, 15:41
Надира Нарматованын бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды
23 Январь 2024, 14:07
Нарматованын "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү
25 Октябрь 2023, 14:58
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15148