Нарматованын "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү
RU

Нарматованын "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынында Надира Нарматова жетектеген депутаттык топтун "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Сунушталган өзгөртүүлөр тууралуу демилгечи депутаттардын бири Надира Нарматова маалымат берди. Ал белгилегендей, мыйзам долбоорунун негизги максаты 1999-жылдан бери колдонулуп жаткан "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү" мыйзамга чет өлкөлүк уюмдар жөнүндө толуктоо киргизүү каралган.

"Өлкөдө өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жалпы коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын кандай булактардан каржыланып жаткандыгы, келип түшкөн каражаттардын кандай максаттарга жумшалгандыгы отчёттуулукта ачык-айкын көрсөтүлүүгө тийиш. Бул мамлекетин коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирет, биз муну өлкөбүздүн коопсуздугун коргоо максатында иштеп чыктык. Экинчиден, 17-беренеге алардын иштөө аракеттерин, мыйзам чегинде ишмердүүгүн жазып киргиздик. Андан сырткары, алардын иш мерчемдерине мамлекеттик көзөмөл болуш керек деген максатта Кылмыш-жаза кодексине жоопкерчилик киргизип жатабыз", - деди депутат Надира Нарматова.

Талкууда депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоорунун концепциясына каршы чыгып, Кылмыш-жаза кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбестигин баса белгиледи.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбооруна 52 депутат "макул", депутат "каршы" добуш берди. Ошентип мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Башкы беттеги сүрөт: Жогорку Кеңеш.

Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамга түзөтүү киргизүү (7 статей)
Оштогу бейөкмөт уюмдар президент менен жеке жолугушууну суранышты. Алардын кайрылуусу
20 Март 2024, 15:41
Надира Нарматованын бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды
23 Январь 2024, 14:07
Президент "Чет элдик өкүл" мыйзам долбоорун колдогон пикирин айтты
18 Декабрь 2023, 10:49
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14806