Оштогу бейөкмөт уюмдар президент менен жеке жолугушууну суранышты. Алардын кайрылуусу
RU

Оштогу бейөкмөт уюмдар президент менен жеке жолугушууну суранышты. Алардын кайрылуусу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында иштеп жаткан коммерциялык эмес уюмдар "Айрым мыйзам актыларына ("Коммерциялык эмес уюмдар" (өкүлчүлүктөр) жөнүндө" мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору боюнча президентке ачык кайрылуу жолдошту.

Эскерте кетсек, мыйзам долбоору чет өлкөдөн каржылоо алган коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн саясий аракеттер катары так эмес аныктап "чет элдик өкүл" катары каттоодон өткөрүү талаптарын киргизүү менен өлкөбүздөгү юридикалык жактардын арасында теңсиздикти жаратат. Ошол эле учурда коммерциялык уюмдар сыяктуу эле коммерциялык эмес уюмдар мамлекеттик органдарга, анын ичинде салык органдарына, Социалдык фондго, Улуттук статистика комитетине үзгүлтүксүз отчет берип келишет, ал эми 2021-жылдан тарта финансылык жана техникалык каражаттардын бардык түшүүлөрү жана чыгашалары боюнча кошумча, жыйынды маалыматтарды беришет.

"Акыркы 30 жыл ичинде өлкөбүздөгү коммерциялык эмес уюмдар төмөндөгү жана алар менен гана чектелбеген мамлекеттик программаларды ишке ашырууда ведомстволор аралык борбордук жана жергиликтүү деңгээлдеги жумушчу топтордун курамында толук кандуу өнөктөш катары өз салымын кошуп келүүдө:

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2028-жылдарга үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча программасы;
  • 2022-2028-жылдарга укук бузуулардын алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы;
  • "Аялзат" улуттук программасы;
  • 2023-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана башка аз кыймылдуу топтор үчүн "Жеткиликтүү чөйрө" мамлекеттик программасы;
  • Баткен облусун өнүктүрүү программасы;
  • Кыргыз Республикасынын миграциялык саясатынын концепциясын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ;
  • БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1325 "Аялдар, тынчтык, коопсуздук" резолюциясын ишке ашыруу боюнча 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын иш-чаралар планы;
  • 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук стратегия;
  • 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы;
  • 2023-2030-жылдарга Кыргыз Республикасындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана башка аз кыймылдуу топтор үчүн "Жеткиликтүү өлкө" мамлекеттик комплекстүү программасы жана башкалар.

Коммерциялык эмес уюмдар жигердүү кызматташуу аркылуу жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик программаларды ишке ашырууга өзүнүн салымын кошуу менен бул мамлекеттик программалардын жана пландардын максаттарын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн чет өлкөлүк каржылоону тартышат.

Бул мамлекеттик программалардын жана пландардын алкагында туруктуу натыйжаларга жетишүү үчүн коммерциялык эмес уюмдар ченемдик укуктук базаны жана укук колдонуу практикасын өркүндөтүү боюнча өздөрүнүн конструктивдүү сунуштарын киргизишет, тиешелүү саясатты, концепцияларды жана иш-чаралар пландарын иштеп чыгууга жигердүү катышышат.

Аталган кыймыл аракеттер түздөн-түз жогорудагы мыйзам долбоорунун жоболоруна туура келет.

Бир канча жылдар бою биз жасаган бардык иштер Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн, анын туруктуу өнүгүүсү үчүн жасалып келет. Биздин Кыргызстандын калкынын кызыкчылыгы үчүн демилгелерибизди сыртан, чет мамлекеттерден каржылаган күндө да, биз эч качан бир дагы чет мамлекеттин өкүлү болгон эмеспиз жана боло албайбыз.

Кыргызстандын коммерциялык эмес уюмдары өлкөбүз үчүн оор күндөрдө, өзгөчө кырдаалдарда, 2010-жылдагы июнь коогалаңында жана андан кийин, COVID-19, Баткен окуяларында жана башка учурларда, оор турмуштук кырдаалда мамлекеттик органдарга жана жарандарга ар дайым ишенимдүү тайаныч болуп, түз жардам көрсөтүп келишет. Жергиликтүү бийлик органдарына, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана калкка, социалдык абалды жакшыртууга көмөк көрсөтүүдө жана муктаж болгондорго жардам көрсөтүү үчүн эл аралык уюмдардын каражаттарын тартып келет.

Биз мындан ары да мамлекеттик программаларды жана улуттук иш-чаралар пландарын ишке ашырууну улантууга, өлкөбүздүн туруктуу өнүгүшүнө жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын бакубаттуулугун жогорулатууга өзүбүздүн мүмкүн болгон салымыбызды кошууга даярбыз", - деп айтылат кайрылууда.

Корутундуда бейөкмөт уюмдар мамлекет башчысы менен жеке жолугушууну өтүнөт.

Ош шаарынын коммерциялык эмес уюмдары:

  • "Эл Аралык коргоого көмөктөшүү борбору" Коомдук фонду;
  • "Фергана өрөөнүнүнүн чекарасыз юристтери" Коомдук бирикмеси;
  • "Энсан Диамонд" Коомдук бирикмеси;
  • "Позитивтүү диалог" Коомдук фонду;
  • "Благодать" Коомдук фонду;
  • "Жаңы ритм" Коомдук бирикмеси;
  • "Интербилим" ЭБ Коомдук бирикмесинин Оштогу филиалы;
  • "Аялзат" АДБ Коомдук бирикмеси;
  • "Калктын аярлуу топторун онуктуруу жана колдоо" Коомдук фонду;
  • "Мастер радости" Коомдук фонду;
  • "ДИА" Коомдук фонду;
  • "Гендер жана психологиялык жардам беруу борбору" Коомдук фонду;
  • "Мыйзам жана Тартип" Коомдук фонду;
  • "Улыбка" Коомдук фонду;
  • " Плюс центр" Коомдук фонду;
  • "Смайл.КейДжи" Коомдук фонду;
  • "Борбордук Азия суу жана Экология боюнча Альянсы" Коомдук бирикмеси;
  • "Юз оф Ош" Коомдук бирикмеси;
  • "Эл аларык толеранттулук үчүн" Коомдук фондунун Оштогу филиалы.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: bsproff.ru.

Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамга түзөтүү киргизүү (7 статей)
Надира Нарматованын бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды
23 Январь 2024, 14:07
Президент "Чет элдик өкүл" мыйзам долбоорун колдогон пикирин айтты
18 Декабрь 2023, 10:49
Нарматованын "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү
25 Октябрь 2023, 14:58
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15762