Надира Нарматованын бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды
RU

Надира Нарматованын бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Депутат Гуля Кожокулова бул маселени күн тартибинен алып салууну сунуштады. Анын айтымында, бул долбоор боюнча президенттик аппаратта белгилүү комиссия иштеп жатат имиш. Ал мыйзам долбоорун комиссиянын иши аяктагандан кийин кароону сунуштады.

Бирок президенттик аппараттын парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов комиссия башка тармактарда иштеп жатканын жана долбоорго иш жүзүндө эч кандай тиешеси жоктугун айтты. Ал Надира Нарматова баштаган депутаттар тобу иштеп чыккан мыйзам долбоорун президенттик аппарат колдой турганын белгилеп, маселени кайра чакыртып албоону өтүндү.

Комитеттин жетекчиси Чолпон Султанбекова Кожокулованын сунушун добушка койду, бирок комитет мүчөлөрү аны колдогон жок.

Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешов мыйзам долбоорунда сунушталып жаткан нормаларга келип түшкөн сын-пикирлер менен сунуштарга көңүл бурду. Депутат Нурбек Сыдыгалиев Башкы прокуратуранын сунушталган мыйзам долбооруна карата туруму кандай экенин тактады. Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева экинчи окууда карама-каршылыктар жоюлганын белгилеп, Кылмыш кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө башка сунуш-пикирлери жок экенин билдирди.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Надира Нарматова да келип түшкөн бардык сунуш-пикирлер эске алынган дейт.

Жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү Нурлан Азыгалиев, Жамиля Исаева, Нурбек Сыдыгалиев, Дастан Жумабеков, Чолпон Султанбекова, Жусупбек Коргонбай уулу, Чыңгыз Ажыбаев жана Замирбек Мамасадыков Надира Нарматованын долбоорунун оңдолгон вариантын колдоп беришти. Бир гана Гуля Кожокулова каршы добуш берди.

*****

Белгилесек, чуулгандуу мыйзам долбоорунда "Коммерциялык эмес уюмдар үчүн чет өлкөлүк жардам – бул Кыргызстанга коркунуч туудурган туруксуздаштыруучу күч" деген ой камтылган.

Жарандык коомдун өкүлдөрү Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жардамдын эң чоң, олуттуу бөлүгү мамлекеттик органдарга, анын ичинде өкмөт, Жогорку Кеңеш, министрликтер жана ведомстволорго берилерин, буга байланыштуу Кыргызстандын өкмөттүк эмес, коммерциялык эме секторуна берилген чет өлкөлүк жардамды гана улуттук коопсуздукка коркунучту көрүү адилетсиз болорун белгилешкен.

Мыйзам долбоорунда "чет элдик өкүл" статусун киргизүү жана атайын реестрди түзүү каралган. Ага ылайык, чет өлкөдөн каражат алып, саясий маселелер менен алектенген уюмдар атайын реестрге киргизилип, "чет элдик өкүл" макамын алып, мамлекеттик органдар тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынышы керек. Бирок мыйзамда көптөгөн түшүнүктөр жана формулировкалар так аныкталбагандыктан, ар кайсы уюм "чет элдик өкүл" болуп чыгышы мүмкүн.

Эксперттердин айтымында, азыр киргизилип жаткан түзөтүүлөр саясий максатты көздөйт – ишмердүүлүгү бийликке жакпай калышы мүмкүн болгон көз карандысыз бейөкмөт уюмдарды куугунтуктоону мыйзамдаштыруу.

Бийлик унчукпай келе жаткан мыйзамдагы дагы бир өзгөртүү - коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгү боюнча кылмыш жоопкерчилигин киргизүү. Бул үчүн жаран он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бийлик ушундай маанилүү түзөтүүлөр боюнча бийлик үн катпай, тескерисинче каржылык айкындуулук эле талап кылып жатканын айтып, коомду адаштырууда.

Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамга түзөтүү киргизүү (7 статей)
Оштогу бейөкмөт уюмдар президент менен жеке жолугушууну суранышты. Алардын кайрылуусу
20 Март 2024, 15:41
Президент "Чет элдик өкүл" мыйзам долбоорун колдогон пикирин айтты
18 Декабрь 2023, 10:49
Нарматованын "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү
25 Октябрь 2023, 14:58
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15369