Бекжан Темирхан менен кырсыкка кабылган досу каргашалуу күн тууралуу айтып берди
RU

Бекжан Темирхан менен кырсыкка кабылган досу каргашалуу күн тууралуу айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Бекжан Темирхандын жол кырсыгынан каза тапканына 1 ай болду. Каргашалуу окуяда ырчынын жанында досу Талгар Уланбеков болгон. Ал кырсыктан кийин ооруканага түшкөн. Бүгүнкү күндө ден соолугу канааттандырарлык болуп, ошол күн тууралуу SUPER TV каналына айтып берди.

"Ошол күнү күндөгүдөй эле өз ишимди кылып жүргөм. Бекжан Балыкчыга тойго барып келели деп жазып калды. Машина алганымды билчү. Башка достордон да сураныптыр. Эч кимиси макул болбоптур. Мен макул болуп, жумуштарымды бүтүрүп,Бекжандын үйүнө баргам. Ал чачын жасатты. Бишкекте бир той бар экен, тойго барсак жаңы башталып жатыптыр. Тамада 3-4 тосттон кийин антракт болорун айтты. Бекжан Балыкчыга барып келе калалы деди. Экөөбүз чыктык, мен жетишебизби деп сурадым. Жолдо баратканда эмнегедир жашоо тууралуу сүйлөшүп бара жатканбыз. Буга чейин андай темада сүйлөшчү эмеспиз. Анан жанагы окуя болуп кетти", - дейт ал.

Айтымында, ал жолду билген эмес. Анткени Ысык-Көлгө жай мезгилинде эле барчу.

"Бир аз солго бургандан кийин эле унаанын арты тайыды. Чочуп тормозду тээп алдым. Унаа жолдун ортосуна туурасынан туруп, ошол боюнча тайып кете берди. Оң жактан тоону сүзгөндөн кийин ылдый тоголондук. Мен "карман" дедим. 1-2 тоголонгондон кийин мен артка өтүп кетиптирмин. Көзүмдү жумуп, карманып кете бердим. Ошол учурда унаада Бекжан бар болчу. Коопсуздук куру экөөбүздө тең жок болчу. Тоголонгондо Бекжан өзүн жоготуп койгон окшойт. Бүтүндөй жашооң көзүңө көрүнөт экен. "Кудай, токтосо экен, токтосо экен" деп жаттым. Унаанын сууга түшкөнүн билем. Бекжан деп кыйкырып, издеп жаттым. Өзүмдү жогото баштаганда жолго чыгып жардамга чакырайын дедим. Кийин эмне болгонун билбейм",- деп эскерди.

Бекжандын атасы тосмо арыз жазып, батасын бергенин кошумчалады.

Белгилесек, "Эзилип бүттүм" ыры менен таанылган Бекжан Темирхан менен досу 10-ноябрда Кемин районунда жол кырсыгына кабылган. Унаа жолдон чыгып, жардан ылдый оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Бекжан Темирхан окуя болгон жеринде көз жумган. Ал эми Талгар Уланбеков оор абалда ооруканага жаткырылган.

12-ноябрда ырчынын сөөгү туулуп-өскөн Аксы районунун Беш-Коро айылында жерге берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9584