Ырчы Бекжан Темирхан жол кырсыгынан каза тапты
RU

Ырчы Бекжан Темирхан жол кырсыгынан каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаш ырчылардын бири, сахнада өз орду бар Бекжан Темирхан автокырсыктан каза тапты. Бул тууралуу анын жакын санаалаштары билдиришти.

Маалыматка караганда, ырчы 10-ноябрда кечинде Боомдо кырсыктаган.

Бекжан Темирхан 1996-жылы Аксынын Кызыл-Жар айылында төрөгөн. 5 бир туугандын улуусу. Ал жакында эле үйлөнгөн.

Репертуарында "Эзилип бүттүм", "Кантем", "Шекерим", "Эрке", "Мадам", "Таптым", "Карлыгачым" жана башка ырлары жана клиптери болгон.

Kaktus.kg редакциясы ырчынын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9229