Бекжан Темирханды эскерүү концертинде бир тууганы ырдап чыкты
RU

Бекжан Темирханды эскерүү концертинде бир тууганы ырдап чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жол кырсыгынан каза тапкан ырчы Бекжан Темирханды эскерүү концерти 11-декабрда Спорт ордосунда болду. Анда ырчынын бир тууган иниси Арсен ырдап чыкты. Ал агасынын жолун улап, сахнага аттанарын айтат.

Эскерүү концертинде ырчынын кесиптештери анын ырларын аткарышты. Концертке келгендер көп болуп, көрүүчүлөр көздөрүнө жаш алышты.

Концеттен түшкөн каражат Бекжан Темирхандын ата-энесине борбор калаадан үй алып берем деген тилегин аткарууга жумшалат.

Белгилесек, "Эзилип бүттүм" ыры менен таанылган Бекжан Темирхан менен досу 10-ноябрда Кемин районунда жол кырсыгына кабылган. Унаа жолдон чыгып, жардан ылдый оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Бекжан Темирхан окуя болгон жеринде көз жумган. Ал эми Талгар Уланбеков оор абалда ооруканага жаткырылган.

12-ноябрда ырчынын сөөгү туулуп-өскөн Аксы районунун Беш-Коро айылында жерге берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9570