Ырчы Бекжан Темирхандын сөөгү жерге берилди
RU

Ырчы Бекжан Темирхандын сөөгү жерге берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Автокырсыктан каза тапкан ырчы Бекжан Темирханды акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 12-ноябрда болду.

Маркумдун санаалаштары билдиргендей, ырчынын сөөгү Аксы районунун Беш-Коро айылында жерге берилди.

Эске салсак, "Эзилип бүттүм" ыры менен таанылган Бекжан Темирхан менен досу 10-ноябрда Кемин районунда жол кырсыгына кабылган. Унаа жолдон чыгып, жардан ылдый оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу жаракат алып ооруканага жеткирилип, жүргүнчү катары бара жаткан Бекжан Темирхан каза болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9246