Бекжан Темирхан кабылган кырсык. Ырчынын досу оор абалда ооруканада жатат
RU

Бекжан Темирхан кабылган кырсык. Ырчынын досу оор абалда ооруканада жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өткөн аптада ырчылар Бекжан Темирхан менен Талгар Уланбеков автокырсыкка кабылганы маалымдалган. Кырсыктын кесепетинен Бекжан Темирхан окуя болгон жеринде көз жумган. Ал эми унааны башкарып бара жаткан Талгар Уланбеков жаракат алып ооурканага түшкөн.

Бүгүнкү күндө жабырлануучунун абалы оор экени жакын санаалаштары тарабынан белгилүү болду.

"Абалы оор. Баш мээси чайкалган, сынык алган. Ал алгач Кемин райондук ооруканасына кайрылып, ал жактан биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Андан кийин Чүй облустук ооруканасына которулган. "Ооруканадан чыгып кеткен, жеңил жаракат алды" деген кептер жалган", - деди сахналашы Кызсайкал Кабылова.

Эске салсак, "Эзилип бүттүм" ыры менен таанылган Бекжан Темирхан менен досу 10-ноябрда Кемин районунда жол кырсыгына кабылган. Унаа жолдон чыгып, жардан ылдый оодарылып кеткен.

12-ноябрда ырчынын сөөгү туулуп-өскөн Аксы районунун Беш-Коро айылында жерге берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9262