Жасалма долларлардын көптүгүнөн бир бөлмө толуп калды (фото)
RU

Жасалма долларлардын көптүгүнөн бир бөлмө толуп калды (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда жасалма долларларды жасап аны өткөрүү менен алектенген канал аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма-сөз кызматы маалымдады.

Белгилүу болгондой, 14-декабрда УКМКнын кызматкерлери сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкекте 1969- жылы туулган, Кыргызстандын жаранын камакка алышты. Анда жасалма АКШ долларлардын ири суммасы табылган.

Жасалма акчанын сапаты жогору экени жана жайылтуу максатында Жакынкы Чыгыш мамлекеттердин биринде жасалганы белгилүү болду.

Камакка алынган айым УКМКнын СИЗОсуна отургузулду. Тергөө уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/122