Борбор калаада автобустардын биринде чачташып кеткен тараптар өз чындыктарын айтышты
RU

Борбор калаада автобустардын биринде чачташып кеткен тараптар өз чындыктарын айтышты

Все самое интересное в Telegram

Бишкектеги автобустардын биринде 11-августта эки жүргүнчү чачташып кеткен. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарап, алгач 63 жаштагы аял өзүнүн жүйөсүн айтып чыккан. Ал баш мээси чайкалганын айткан.

"Автобуска түшкөндө болжол менен 80деги аялдын жанында бир кыз телефон чукулап отуруптур. Орун береби деп карап турдум. Бир убакта кыздын ийинине тийип, орун берип койчу дедим. Орун бошотуп берди. Эки, үч аялдамадан кийин ийиниме телефону менен ургулап, "сен мага эмнеге антип сүйлөйсүң?" деп кыйкырып баштады. Орун берип койчу деген сөз жаманбы дегенче болбой асылып кирди. Мен да коргонушум керек да, жаш кыз жулмаласа карап тура албайм да", - деген пенсионер.

Бүгүн, 13-августта экинчи тарап видео кайрылуу жасап, жаңжал боюнча түшүндүрмө берди. Белгилесек, чачташткандардын бири 1992-жылы туулган Паризат.

Айтымында, 2 сутка бою иштеп, андан чыккандан кийин апасын автобус менен ооруканага алып бараткан. Орундукта отуруп, телефон аркылуу апасын оорукананын кезегине жаздырып жаткандыктан өзүнөн улуу аялды байкабай калганын билдирген.

"Эже мени атайын турбай жатат деп түшүнүп, желкемен түртүп, тарбияма тийишип, ата-энеме асылды. "Бети жок" деп жаман сөздөрдү айта баштады. Анын сөздөрүнө көңүл бурбай телефондогу сүйлөшүүмдү бүтүрүп салайын деп туруп кеткем. Сүйлөшүп бүткөндөн кийин орундук жакка келип, абалды түшүндүрүп коёюн дегем. Колум жетпей, телефон менен түртүп, эмнеге мени желкеледиңиз дегем. Ошол учурда эже мени чапкылап, чачыман кармады. Мен дагы аффект абалда телефонумду ыргытып жибердим. Жашы улуу адамга андай кылганым туура эмес болду. Бирок андай учурда ойлоно албай калат экенсиң. Өзүмө келгенден кийин кечирим сурадым, кабыл албай, карганып жатты", - деп өз версиясын айтып берди.

Окуя боюнча Свердлов РИИБи тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, 1963-жылы туулган К.Ф жана 1992-жылы туулган П.А атту жарандар тергөөгө жеткирилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18531