"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы жаңыртылган "Мой Газ" мобилдик тиркемесин сунуштайт
RU

"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы жаңыртылган "Мой Газ" мобилдик тиркемесин сунуштайт

Все самое интересное в Telegram

"Мой Газ" – газ менен камсыздоо боюнча бардык кызматтар бир мобилдик тиркемеде.

Санариптик кызматтарды өнүктүрүүнүн алкагында "Газпром Кыргызстан" ЖЧК буга чейин колдонулуп келген "Газпром Кыргызстан" тиркемесинин ордуна жаңыртылган "Мой Газ" мобилдик тиркемеси ишке киргизилгенин билдирет.

"Мой Газ" тиркемеси абоненттерге газ менен камсыздоо кызматтарын аралыктан башкаруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Ошондой эле тейлөө кеңселерине барбастан, өздүк эсеп боюнча маалыматты каалаган ыңгайлуу убакта алууга шарт түзөт.

Тиркеме аркылуу колдонуучулар:

  • эсептегичтин көрсөткүчтөрүн жөнөтө алышат;
  • газ менен камсыздоо кызматтары үчүн онлайн төлөй алышат;
  • мурда жөнөтүлгөн көрсөткүчтөрдүн тарыхын көрө алышат;
  • эсептелген төлөмдөр жана өздүк эсептин абалы тууралуу маалымат ала алышат;
  • электрондук дүмүрчөктөрдү алып, көрө алышат;
  • жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн тарыхын көзөмөлдөй алышат.

Тиркемедеги негизги жаңылыктардын бири – юридикалык жактар үчүн да кызматтардын жеткиликтүү болушу. Эми корпоративдик кардарлар төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алышат:

  • Эсептелген төлөмдөрдү көзөмөлдөө;
  • Эсептегичтин көрсөткүчтөрүн жөнөтүү;
  • Газ менен камсыздоо кызматтары үчүн онлайн төлөө.

Мындан тышкары тиркеме Калкты тейлөө борборуна (КТБ) барбастан, кызматтарды алуу үчүн электрондук арыз жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Тиркеме аркылуу төмөнкү кызматтарга өтүнмө берүүгө болот:

  • газ менен камсыздоо тутумуна алгачкы жолу кошулуу;
  • газ жабдууларын кайра монтаждоо;
  • газ эсептегичти алып салуу жана орнотуу;
  • газ түтүгүн кесүү;
  • өздүк эсепти кайра тариздөө;
  • эсептелген төлөмдөрдү кайра эсептөө;
  • жаратылыш газын пайдалануу үчүн төлөмдөрдү эсептөөнү убактылуу токтотуу.

1. Газ эсептегичтин көрсөткүчтөрүн кантип жөнөтүүгө болот:

2. Газ үчүн төлөмдү кантип жүргүзүүгө болот:

Төлөм жүргүзүү үчүн өзүңүзгө ыңгайлуу төлөм сервисин тандаңыз.

Жаңыртылган "Мой Газ" мобилдик тиркемесин App Store жана Google Play платформаларынан жүктөп алууга болот.

Бардык суроолор боюнча абоненттер "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын байланыш борборуна 4444 номери аркылуу кайрыла алышат (мобилдик операторлордон чалуу акысыз). Ошондой эле +996 (312) 68-07-07 номерине чалууга болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18527