Мурдагы аялын атып өлтүргөн киши өмүр бою соттолду
Мурунку аялын атып өлтүргөн мурдагы милиция кызматкери өмүр бою эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту чыгарды.
Райондук соттун 10-июлдагы өкүмү менен У.Б.М. күнөөлүү деп табылып:
- Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту "Киши өлтүрүү" боюнча мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылды;
- "Кыйноо" беренеси боюнча мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркинен ажыратылды.
Берилген жазаларды жарым-жартылай кошуу менен акыркы жаза - мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу деп аныкталды.
Андан тышкары 2006-жылы туулган жабырлануучу У.Б.Б.га (маркум менен соттолуучунун уулу) моралдык зыян үчүн 1 миллион сом компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилди.
Эске салсак, 2025-жылы 23-декабрда келинди Бишкектеги батиринде мурдагы күйөөсү тапанча менен атып салган. Ал күнү жубайлардын ажырашууга байланыштуу соту болгон.
Келиндин өлүмүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары мурдагы милиция кызматкери кармалган.
