Жумуш ордунда ыдыкка кабылгандар кайда кайрылса болот
RU

Жумуш ордунда ыдыкка кабылгандар кайда кайрылса болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эмгек чөйрөсүндө зомбулуктун жана ыдык көрсөтүүнүн алдын алуу механизмдерин киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүдө.

Министрликтин буйругуна ылайык, пилоттук долбоор 2026-жылдын 31-июлуна чейин өткөрүлөт. Долбоорду ишке ашыруу мезгилине жумуш орундарындагы зомбулук жана ыдык көрсөтүү учурларын алдын алуу, аныктоо жана кароо тартиби боюнча убактылуу нускама бекитилген.

Пилоттук долбоордун жыйынтыгы боюнча анын натыйжалуулулугуна баа берилип, тиешелүү механизмдерди улуттук деңгээлде мындан ары киргизүү боюнча сунуштар даярдалат.

Жумуш ордунда зомбулукка же ыдык көрсөтүүгө туш болгондор Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматына кайрыла алышат. Байланыш номери: (0312) 39-16-35.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18017