Өлкөгө бажы төлөмү жок электромобилдерди ташуу квотасы көбөйтүлдү
RU

Өлкөгө бажы төлөмү жок электромобилдерди ташуу квотасы көбөйтүлдү

Все самое интересное в Telegram

Кыргызстанга электр унааларын импорттоо квотасы 25 миңге чейин көбөйтүлдү. Мындай чечим Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Документте квота Кыргызстан үчүн 15 000ден 25 000 миңге чейин, ал эми Армения үчүн 15 000ден 20 000ге чейин көбөйүп жатканы көрсөтүлгөн. Бул коддору 8703 80 000 3 жана 8703 80 000 5 болгон электр унааларына тиешелүү.

Чечим расмий жарыялангандан 10 календардык күндөн кийин күчүнө кирет.

Белгилесек, буга чейин берилген квота бир ай мурда аяктаган. Берилген квотанын 13 780и колдонулган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18514