Баткендеги түстүү тоолор дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине кирди
Баткен облусундагы түстүү тоолору менен белгилүү Мадыген аймагы миллиондогон жылдардын сырын сактаган, дүйнөлүк маанидеги геологиялык жана палеонтологиялык мурас катары бааланып, дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине киргизилди. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиргендей, буга арналып атайын симпозиум өттү.
Мадыген тоолору - Баткен облусунун аймагында жайгашкан уникалдуу тоолуу аймак. Бул жер палеонтологиялык жана геологиялык табылгалары менен дүйнөгө белгилүү.
"Мадыгенде миллиондогон жылдар мурда жашаган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн байыркы калдыктары, ташка айланган издери жана скелеттери табылган. Айрыкча триас мезгилине таандык фаунасы илимпоздордун чоң кызыгуусун жаратып, аймакты дүйнөлүк палеонтологиялык изилдөөлөрдүн маанилүү борборлорунун бирине айландырган", - деп айтылат маалыматта.