Кыргызстанда чет элдиктерге карын эне кызматын пайдаланууга тыюу салуу сунушталды
Кыргызстанда чет элдик жарандарга карын эне кызматын пайдаланууга тыюу салуу сунушталды. Жогорку Кеңештин депутаттары Болот Ибрагимов менен Чыңгыз Ажибаев сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты.
Демилгенин авторлору "Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" мыйзамдын 104-беренесине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатышат. Долбоорго ылайык, өлкө ичиндеги карын эне кызматтары кыргыз жарандарына гана жеткиликтүү болот.
Бирок бөтөнчө учур каралган, чет элдик жаран менен мыйзамдуу түрдө никеде турган кыргыз жараны карын эне кызматынан пайдалана алат.
Учурдагы мыйзамда чет элдиктер үчүн мындай чектөө жок. Мыйзам долбоорунун авторлору өзгөртүүлөр аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо, ошондой эле чет элдик жарандардын карын эне кызматын коммерциялык максатта колдонуусун чектөө үчүн зарыл экенин билдиришет.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
