Курулуш министри Нурдан Орунтаев сөгүш алды
RU

Курулуш министри Нурдан Орунтаев сөгүш алды

Все самое интересное в Telegram

Курулуш министри Нурдан Орунтаевге кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен кабарлашты.

Курулуш министрине эмне үчүн сөгүш берилгени белгисиз.

Белгилесек, буга чейин социалдык тармактарда курулуш министри менен Талас облусунун башчысынын "Манас Ордодогу" чырга катышы бар экени айтылган. Бирок тартиптик чара жаңжалдан бир нече күн өткөндөн кийин берилди.

Министрлер кабинети сөгүш бул окуяга байланыштуубу же жокпу тактаган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18628