"Беш-Таш" жаратылыш паркына асма жолдор, кафе-ресторандар курулат (сүрөт)
189
Талас облусундагы "Беш-Таш" мамлекетик жаратылыш паркына асма жолдор (канатная дорога) курулат. Курулуш иштерин баштоого кытайлык "Zumsun" компаниясы менен келишимге расмий түрдө кол коюлганын Талас облусунун башчысы Эрмат Жумаев билдирди.
"Беш-Таш" эс алуу борборунда узундугу 1 чакырым 380 метр болгон аркан жол, эс алуучулар үчүн атайын айнектен жасалган байкоо аянтчалары, кафе-ресторан жана A-frame үлгүсүндөгү үйлөр курулат. Июнь айында аркан жолдун курулуш иштери башталат.
Мындан тышкары Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан Талас шаарынан "Беш-Таш" эс алуу борборуна чейинки 20 чакырым жолго асфальт төшөлүп, бардык зарыл болгон инфраструктура курулат.
Келечекте зиплайн жана родельбан орнотуу мерчемделүүдө. Аталган долбоор ишке ашса "Беш-Таш" өрөнүү туризмдин чордонуна айланат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17847