Жол эрежесин одоно бузгандарды айдоочулук укуктан ажыратып, айыпты көбөйтүү сунушталды
RU

Жол эрежесин одоно бузгандарды айдоочулук укуктан ажыратып, айыпты көбөйтүү сунушталды

Все самое интересное в Telegram

Кыргызстанда жол кыймылынын эрежелерин одоно бузгандарга жазаны катаалдатуу сунушталды. Тийиштүү өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңештин вице-спикери Болот Ибрагимов демилгелеп, документ коомдук талкууга чыгарылды.

Негизги сунушталган өзгөртүүлөр:

  • Эгерде жашы жете элек бала унаа башкарып, материалдык зыян келтирсе же адамдын ден соолугуна зыян тийгизсе, анын ата-энесине 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу;
  • Мамлекеттик каттоо номери жашырылган же такыр жок болгон унаа үчүн айып пулду 10 миң сомдон 15 миң сомго чейин көбөйтүү, ал эми мындай мыйзам бузуу кайталанса, айдоочулук күбөлүктөн 6 айга ажыратуу;
  • Коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн айып пулду 1 миң сомдон 3 миң сомго чейин көбөйтүү;
  • Ылдамдыкты саатына 20дан 40 чакырымга ашырганы үчүн айып пулду 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин көбөйтүү;
  • Ылдамдыкты саатына 40 чакырымдан ашырган, бирок 60 чакырымдан ашырбаган учурда 15 000 сом (учурда 7500 сом) өлчөмүндө айып салуу;
  • Ошол эле жосун алты айдын ичинде калктуу конушта кайталанса 15 000 сом айып пул салып, 6 айга чейин унаа айдоо укугунан ажыратуу;
  • Ылдамдыкты саатына 60 чакырымдан ашырса 20 000 сом айып пул салуу жана 6 айга айдоочулук укугунан ажыратуу (учурда бул эреже бузуу үчүн 15 000 сом гана айып пул каралган);
  • Баланы атайын балдар отургучу (автокресло) жок ташыгандыгы үчүн 2 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу;
  • Инспекторлордун транспорт каражатын токтотуу боюнча талаптарын аткарбаса 7,5 миң сом (колдонуудагы мыйзамдарга ылайык - 5,5 миң сом) айып салуу. Көрсөтүлгөн аракет бир жыл ичинде кайталанса 20 миң сом айып салуу жана 6 айга транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу;
  • Каршы тилкеге ​​чыгуу, озуп өтүү же карама-каршы багытта айдоо, ошондой эле туташ чиймелерден (двойной сплошной) солго же артка бурулууда 15 000 сом айып пул салуу жана 6 айга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу;
  • Жол чыракта кызыл жанып турганда өтсө 20 000 сом айып пул салуу, 6 айга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу;
  • Жол белгилеринин жана жол чийиндеринин талаптарын бузууда 5000 сом айып салуу;
  • Жөө адамдар өтүүчү тилкеден эреже бузуу, коомдук транспорт токтоочу жерден эреже бузуу, телефон менен сүйлөшүү жана башка ушул сыяктуу бузуулар үчүн 5000 сом айып салуу;
  • Кесилиштен өтүү эрежесин бузууда, тротуар менен жүрүүдө 10 миң сом айып салуу.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18109