АКШ 50 мамлекеттин жарандарына визалык күрөөнү көбөйттү
RU

АКШ 50 мамлекеттин жарандарына визалык күрөөнү көбөйттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШ 3-августтан баштап 50 өлкөнүн жарандары үчүн визалык депозиттин суммасын көбөйттү. Депозиттин максималдуу суммасы 20 000 долларды түзөт. Бул ишкердик жана туристтик визаларга (B-1/B-2) тиешелүү.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө күрөөнүн суммасы консулдук кызматкер тарабынан ар бир учурга жараша аныкталат деп айтылат. Эгерде виза ээси АКШдан талап кылынган мөөнөттө чыгып кетсе депозит кайтарылып берилет. Эгерде адам өлкөдө болуу шарттарын бузса, депозит жокко чыгарылат.

Жаңы эрежелер Грузия, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Алжир, Ангола, Бангладеш, Камбоджа, Борбордук Африка Республикасы, Монголия, Непал, Никарагуа, Тунис, Уганда, Венесуэла, Зимбабве жана Африканын, Түштүк-Чыгыш Азиянын жана Латын Американын башка өлкөлөрүнүн жарандарына тиешелүү болот.

Мурда күрөө программасы пилоттук программа катары иштеп, арыз ээлери жагдайга жараша 5 миң доллардан 15 миң долларга чейин күрөө төлөөгө милдеттүү болушкан. Азыр 10 миңден 20 миң долларга чейин көбөйдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18429