Жоламан Шаршенбеков Монголиядагы рейтингдик турнирде жеңишке жетти
209
Күрөш боюнча Бириккен дүйнө (UWW) уюмунун "Ulaanbaatar Open - 2026" эл аралык рейтингдик турнири Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өтүүдө.
Анда Жоламан Шаршенбеков 63 килограмм салмакта килем үстүнө чыкты. Ал жарым финалда казакстандык Еркебулан Ардаковду жеңип алды.
Финалда иран балбаны Мохаммад Мехди Аббас Кешткар менен беттешмек, бирок ирандык балбан алган жаракатынан улам күрөшүүдөн баш тартып, Жоламан Шаршенбеков автоматтык түрдө жеңүүчү деп табылды.
Белгилесек, аталган турнир 3-июндан 8-июнга чейин уланат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17959
