Улуттук илимдер академиясын жетектөөгө илимий даражасы жоктор деле дайындалышы мүмкүн
Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп илимий даражасы жок жарандар деле дайындалышы мүмкүн. Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлиги мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Учурдагы мыйзамда Улуттук илимдер академиясынын академиктери, корреспондент мүчөлөрү же 70 жашка чейинки илим докторлору академиянын президенти болуп дайындала алары белгиленген.
Ал эми жаңы өзгөртүүдө - айрым учурларда президенттин чечими менен илимий наамы же даражасы жок кыргыз жараны УИАнын башчысы боло алат деп көрсөтүлөт.
Министрлик муну менен окумуштууларга гана эмес, ошондой эле "илимди, инновацияны, билим берүүнү же экономиканы өнүктүрүүдө практикалык жактан көрүнүктүү жетишкендиктерге ээ болгон жогорку квалификациялуу менеджерлерге, илим уюштуруучуларына же мамлекеттик кызматкерлерге мүмкүнчүлүк берүү зарылдыгы менен түшүндүрөт.
Бирок, документте бул вариант өзгөчө учурларда эле жана президенттин чечими менен гана колдонулары белгиленген.
Буга чейин Илим министрлиги университет ректорлору үчүн талаптарды жөнөкөйлөткөн.
