Кыргызстанда тарыхый имараттарды, эстеликтерди бузууга 10 жылга тыюу салуу сунушталды
Кыргызстанда тарыхый имараттарды жана эстеликтерди бузууга 10 жылга тыюу салуу сунушталды. Мыйзам долбоорун Маданият министрлиги иштеп чыккан.
Коомдук талкууга чыгарылган документте тарыхый-маданий мурас объектилерин мамлекеттик реестрден алып салууга, аларды бузууга жана ар кандай курулуштарга мораторий киргизүү каралган.
Министрлик акыркы жылдары эски имараттарды "авариялык абалда" же "баалуулугу жоголду" деген шылтоо менен бузууну көздөгөн куруучулардын жана алардын ордуна коммерциялык кыймылсыз мүлк курган учурлар көбөйгөнүн белгилеген. Учурдагы коргоо системасы жетишсиз, тагыраагы, көптөгөн эстеликтердин чек аралары такталган эмес, паспорттору жок жана реестрде да көрсөтүлгөн эмес деп айтылат.
Демилгечилер 10 жылдык тыюу салуу бардык объектилерди толук инвентаризациялоого мүмкүндүк берет деп эсептешет. Бул мамлекетке узак мөөнөттүү мурастарды коргоо саясатын иштеп чыгууга жана инвесторлор менен чыр-чатактардан качууга шарт түзөрү айтылат.
