"Кызганычтан улам жасаганын айткан". Ошто аскер кызматкери киши өлтүрүүгө шектелүүдө
Ошто киши өлтүрүүгө шектелип аскер кызматкери кармалды. Бул тууралуу редакцияга Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 23-августта Төлөйкөн кичи шаарчасында 1991-жылы туулган К. уулу З. асынган абалда табылганын тууганы билдирген. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери маркум киши колдуу каза болгонун аныкташкан.
Маркумга соттук-медициналык экспертиза жана алынган буюмдарга соттук-биологиялык экспертиза дайындалып, күбөлөр суралган.
Факты боюнча 122-беренин 1-бөлүгү менен кылмыш иш козголуп, тергөө иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаарындагы аскер бөлүктөрүнүн биринде контракттык негизде кызмат өтөгөн Ош шаарынын 20 жаштагы А.А. аттуу тургуну шектүү катары кармалган.
"Ал кылмышын моюнга алып, дос кызын кызганып, ушундай оор кылмыш жасаганын айткан. Учурда анын берген көрсөтмөлөрү кылдат текшерилип, иликтөө иштери уланып жатат", - дешти башкармалыктан.
