Күнүнө 10 саатка чейин даярданып, ЖРТдан жогорку балл алган бүтүрүүчүнүн маеги
Алтын сертификаттын ээси болуу - бир күндө келе турган ийгилик эмес. Бул үзгүлтүксүз эмгек, туура пландоо жана өзүнө болгон ишенимдин жыйынтыгы. 2026-жылы өткөрүлгөн Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы менен өлкө боюнча эң жогорку упай топтогон 55 бүтүрүүчү "Алтын сертификат" алуу укугуна ээ болду.
Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алган бүтүрүүчүлөрдүн бири Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы Ю.Гагарин атындагы жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсү Гулира Турдумахаматова. ЖРТдан 231 балл топтогон бүтүрүүчү даярдык кандай өткөнүн, эмнелер мотивация бергенин жана эмне үчүн чет өлкөдө эмес, Кыргызстанда билим алууну тандаганын Kaktus.kg сайтына айтып берди.
Гулира Турдумахаматова тестирлөөнүн жыйынтыгы тууралуу министрдин бүтүрүүчүлөрдү куттуктаган видеосун көргөндө билген. Ал эми жогорку упай алгандардын тизмесинде өзү да бар экенин күтүүсүздөн гана уккан.
"Адегенде Инстаграмдан эң жогорку упай алган кыздарды куттуктап жаткан видеолорду көрдүм. Ошондо бир аз көңүлүм чөккөн. Анан жыйынтыктар эки күндөн кийин чыгат деген жарыя болду. Бирок күтүүсүздөн мага жазышып, "тизмеде фамилияң жүрөт, сенсиңби?" деп сурап калышты. Чынын айтсам, мен эмоциямды көп көрсөтө бербейм. Бирок өзүмдүн алган упайымды билгенде абдан сүйүндүм. Дароо ата-энеме, үй-бүлөмө жана жанымдагыларга кабарладым", - деди ал.
Бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөгө 11-класска кадам таштаганда даярдана баштаганын, бирок алгачкы жыйынтыктары көңүлүнөн чыкпай жүргөнүн жашырган жок. Октябрь айындагы начар көрсөткүчтөрдөн кийин даярдыкты убактылуу токтотконун айтат.
ЖРТга 11-класстын сентябрь айынан баштап даярдана баштагам. Бирок башында такыр эле жакшы жыйынтык көрсөтө алган жокмун. Октябрдагы көрсөткүчтөрүм өтө начар болгондуктан, даярдыкты бир топ убакытка токтотуп койдум.
"Кыйынчылыктар да көп болду. Себеби артыкчылыктарымды аныктоого туура келди. Республикалык олимпиадага да даярданып жаткам. Мен үчүн анда жеңишке жетишүү абдан маанилүү эле, анткени ага үч жыл даярдангам. Ошондуктан ар бир күндү алдын ала пландап, бардык нерсеге убакыт бөлүүгө аракет кылдым. Республикалык олимпиададан кийин ЖРТга олуттуу даярдана баштадым, анткени болгону эки-үч ай убакыт калган эле. Айрым күндөрү 10 саатка чейин даярданып жаттым", - деди ал.
Даярдык учурунда эртең менен жеңилирээк тапшырмаларды аткарып, орус тили боюнча эрежелерди кайталаса, күндүн экинчи жарымын толугу менен математикага - алгебра жана геометрияга арнаган.
"Мисалы, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору даярдаган тапшырмаларды карап чыгып, маселелерди чыгарып, жоопторун талдап, курбуларым менен бирге талкуулачубуз. Түштө орус тили боюнча китептерди окуп, эстен чыгып кетиши мүмкүн болгон эрежелерди кайталап, жазып алчумун. Ал эми күндүн экинчи жарымынан кечке чейин алгебра менен геометрияга көбүрөөк көңүл бурчумун", - деп белгиледи.
Бүтүрүүчүнүн айтымында, жакшы жыйынтыкка жетүү үчүн эс алуу дагы маанилүү. Кээде чарчап кеткенде өзүнө сөзсүз эс алууга мүмкүнчүлүк берчү.
"Бир аз убакыт эч нерсе кылбай эс алып, кайра күч топтогондон кийин окууга киришчүмүн. Аптасына бир жолу караокеде ырдачумун, бул мага эмоцияларымды сыртка чыгарууга жардам берчү. Андан тышкары көп сейилдеп, чыгармачылык менен алектенүү мага күч берип турду. Ошондой эле ата-энем жана досторумдун колдоосу чоң жардам берди", - деп бөлүштү ал.
Тестирлөө күнү Гулира өзүнө толук ишенгенин айтат. Эртең менен жакшылап тамактанып, ыңгайлуу кийинип, өзүнө ылайыктуу орунга отурган. Натыйжада бардык тапшырмаларды өз убагында аткарып чыккан.
"Анткени өзүмдү бардык нерсеге даярмын деп ишендирип алган элем. Болгону сырткы жагдайлар тоскоол болуп калбаса экен деп гана тынчсыздандым. Ал эми билимиме жана өзүмө ишенимим жогору болчу. Толкундануу же коркуу сезимдери болгон жок. Бардык тапшырмаларды өз убагында бүтүрдүм. Баары сонун өттү", - деген ал.
Алтын сертификаттын ээси Москвадагы Жогорку экономика мектебинин заманбап филология факультетине кабыл алынган. Ал жакка барууну абдан каалаганы менен ичинен бир нерсе кармап турганын айтат.
"Эмнегедир алгач Бишкекте калып окугум келди. Өз алдынча жашоого көнүп алып, андан кийин гана чет өлкөдө билим алууну ойлоноюн дедим. Азырынча Бишкектеги Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин эл аралык бизнес укугу адистигине тапшырууну пландап жатам. Буга чейинки кыялым заманбап филология адистиги боюнча билим алуу эле", - деп тандоосу менен бөлүштү.
Маектин соңунда алтын сертификаттын ээси мектеп бүтүрүүчүлөрүнө өзүнүн сунушун берди. Ал келечектеги бүтүрүүчүлөрдү артыкчылыктарын алдын ал аныктап алууга чакырды.
"Бүтүрүүчү класс - тандоо жасай турган өзгөчө мезгил. Ошондуктан артыкчылыктарды туура аныктап, келечекке пайдалуу боло турган максаттарды биринчи орунга коюу керек. ЖРТга өз алдынча деле даярданса болот. Бирок эң негизгиси - тартип, жоопкерчилик жана өзүңдү күн сайын өнүктүрүүгө болгон каалоо маанилүү. Кээде чарчап, күч-кубатың калбай калат. Ошого карабастан максатың үчүн жок дегенде бир нерсени окуп, үйрөнүүгө аракет кылуу керек. Бул ар бир адамдын өзүнөн көз каранды", - деп жыйынтыктады ал.

