Сулуулар сынагынын жеңүүчүсүнүн талкуу жараткан видеосуна авиакомпания жооп кылды
Бишкекте өткөн "Кыргызстан сулуусу" сынагында таажы тагынган кыздардын бири Адеми Разабекованын өзү тууралуу даярдаган видеосу кызуу талкууга алынды. Анда бийкеч өзүн тааныштырып жатып "бүгүнкү күндө мен КРнын "Асман Эйрлайнс" улуттук авиакомпаниясымын" (сөзмө-сөз жазылды) деген. Бул жерде "өкүлүмүн же жүзүмүн" деген сөз калып кеткендей, мындан улам көпчүлүк түшүнбөй, соцтармакта суроо жараткан.
Кийинчерээк интернет колдонуучуларынын суроолоруна "Асман Эйрлайнс" компаниясы жооп берип, тактоо киргизди. Маалым болгондой, Адеми Разабекова атайын келишимдин негизинде авиакомпаниянын жарнамалык материалдарына гана тартылган.
"Анын ролу тартылуу менен гана чектелген. Келишимде өзүн авиакомпаниянын өкүлү деп көрсөтүү же компаниянын атынан коомдук билдирүүлөрдү жасоо укугу камтылган эмес.
Бул келишим 2026-жылдын август айынан тартып бир тараптуу токтотулду.
Видеодо айтылган маалымат автордун жеке пикири жана авиакомпаниянын расмий позициясын чагылдырбайт. Андыктан бул жеке билдирүүлөрдү "Асман Эйрлайнс" же "Кыргызстан аэропортторунун" билдирүүлөрү катары кабыл албоону суранабыз", - дешти авиакомпаниядан.
Белгилесек, 29 июлда "Кыргызстан сулуусу-2026" сынагы өтүп, Айдана Айбашова, Адеми Разабекова жана Адина Бектурова жеңүүчү болушкан.