Орусиялык актёр Сергей Безруков Айтматов тууралуу тасмага катышат
12
Орусиялык актёр Сергей Безруков улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган "Айтматов" аттуу кыргыз көркөм тасмада роль ойнойт. Бул туурасында актёр социалдык баракчасы аркылуу билдирген.
"Мен Чыңгыз Айтматовдун өмүр таржымалы жөнүндөгү долбоорго жардамдашып жатам. Бул ири масштабдуу кыргыз кинодолбоору. Мен кичине жардам берип жатам", - деген Безруков.
2025-жылдын декабрь айында Каныбек Калматов Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу Кыргызстандагы биринчи толук метраждуу көркөм тасманын үстүндөгү иш башталганын жарыялаган. Тасманы 2026-жылы көрсөтүү пландаштырылган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17873
