Күзүндө пенсия жогорулап, минималдуу өлчөмү 8800 сом болот
RU

Күзүндө пенсия жогорулап, минималдуу өлчөмү 8800 сом болот

Все самое интересное в Telegram

Ушул жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жана пенсиянын минималдуу өлчөмүн 8800 сомго чейин жогорулатуу пландалууда. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.

Белгиленгендей, былтыркы календардык жылда орточо эмгек акынын жана керектөө бааларынын өсүшү индексация жүргүзүү үчүн негиз болгон.

Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо 1000 сомдон кем эмес жана 10 миң сомдон ашпаган өлчөмдө, ал эми пенсиянын базалык бөлүгүнүн минималдуу өлчөмү 8800 сомдон төмөн болбошу керек деп белгиленди.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча 2026-жылдын 1-октябрына карата пенсионерлердин саны 832,4 миң адамды түзөт. Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен индексациялоо жүргүзүүгө 4,4 млрд сом каралган.

Индексациялоонун жыйынтыгында пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетет, жогорулатуунун орточо өсүшү жогорулатуу учуруна карата 1753 сомду же 116% ды түзөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18498