Токмокто аялын, балдарын сабоого шектелген киши 2 айга камалды
Токмокто аялына жана өгөй балдарына зомбулук көрсөтүп жүргөнгө шек саналган киши эки айга камакка алынды. Маалыматты Чүй ОИИББден кабарлашты.
Маалымдалгандай, 3-августта Токмок шаарынын тургуну ички иштер органдарына кайрылып, жарандык жолдошу акыркы үч жылдан бери өзүнө жана жашы жете элек эки баласына карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүп келгенин билдирген.
Анын негизинде 138-берененин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1988-жылы туулган Ч.Ч. кармалган. Соттун чечими менен шектүү эки айга камакка алынды.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18465
