Кыргызстан жалгыз саякаттоо үчүн эң мыкты өлкө деп табылды
Кыргызстан жалгыз саякаттоо үчүн мыкты өлкөлөрдүн ичинен биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Much Better Adventures платформасы тарабынан түзүлгөн рейтингинде айтылат.
Solo Adventure Travel 2026 рейтинги боюнча алдыңкы 10 өлкө:
- Кыргызстан
- Италия
- Япония
- Португалия
- Өзбекстан
- Реюньон аралы
- Испания
- Норвегия
- Танзания
- Непал
Рейтинг жеке саякат туризминин мүмкүнчүлүктөрүнө, жөө жүрүү маршруттарына, саякаттоонун жеткиликтүүлүгүнө (бир адамга түшкү тамактын баасына), биологиялык ар түрдүүлүктүн көрсөткүчтөрүнө, өлкөгө кирүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн шарттарына жана өлкөгө келген саякатчылардын сын-пикирлерине негизделген.
Маалыматта жалгыз саякаттагандар үчүн Кыргызстандын артыкчылыктарынын бири – салыштырмалуу аз калктуу жаратылыш аймактары жана жаңы жерлерди өз алдынча ачуу мүмкүнчүлүгү бар деп белгиленет. Кыргызстан трекинг, ат менен саякаттоо, тоо арасында лагерь куруу жана алыскы тоолуу аймактарды изилдөө үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.
