Абактан чыккан Аскат Жетиген алдыда жасай турган иштери көп экенин айтты. Видео
Абактан чыккан Аскат Жетиген саламаттыгы жана алдыдагы максаттары тууралуу комментарий берди.
Акындын айтымында, ден соолугу жаман эмес, алдыда чоң пландары бар.
"Чыгармачылыгымды улантып, команда менен иштеп баштайм. Жасай турган иштерим көп. Алдыда чоң концерттер, жаңылыктар күтүп турат. Менде баары жакшы. Мындан ары буга чейин жасаган ишимди күчтүү дем менен, жаңы өңүттө улантам. Чыгармачылык - мен өмүр бою сүйүп келген, өмүр бою жасап келаткан иш, жашоомдун ажырыгыс бөлүгү. Абакта жатканда да жаңы чыгармаларды жазгам. Жакын арада ага да күбө болосуздар", - деди акын.
Аскат Жетиген 2024-жылы "Бийликти басып алууга чакырык жасоо" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, үч жылга эркиндигинен ажыратылган. Ал жазасын Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде өтөп, бүгүн, 19-августта эркиндикке чыкты.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18575