Гид Kaktus. Мектепке керектүү товардын баарын кайдан алса болот
RU

Гид Kaktus. Мектепке керектүү товардын баарын кайдан алса болот

Все самое интересное в Telegram

Жакында окуу башталат деп камданып жатасызбы? Балаңызды али даярдай элек болсоңуз, анда биз сизге керектүү товарлардын дээрлик баарын чөнтөккө ылайык баада кайдан сатып алса болорун айтып беребиз.

"Алкан Базары"

Дордой районундагы кийим-кече саткан "Алкан" базары 2011-жылдан бери жыл сайын салттуу мектеп жарманкесин өткөрүп келет. Быйыл жарманке 3-сентябрдан 14-сентябрга чейин өтүп, көптөгөн сатып алуучуларды кенен батыра алат. 1000 чарчы метрден ашык аянтта 140 соода жай бар. Жадакалса, мектепке керектүү буюмдарды алуу үчүн коңшу өлкөлөрдөн да каалоочулар келишет.

Жарманкеден сиз өндүрүүчүлөрдүн баасындагы мектеп буюмдарынын кеңири түрлөрүн - окуу куралдарын, жон баштыктарды, ар кандай мектеп формаларын, бут кийимдерди, ич кийимдерди жана спортко тиешелүү каражаттарды таба аласыз. Жарманкенин негизги максаты - балдарды кооз жана жеткиликтүү баада кийинтүү.

"Алкан Базары" - Бишкектеги дайыма жаңыланып, жакшыртылып турган ыңгайлуу базар. Анын аймагында унаа токтотуучу кенен жайы, чет өлкөдөн келген дүң сатып алуучулар үчүн ыңгайлуу мейманканасы, жайкы террасасы бар жайлуу кафе жана коноктордун ыңгайлуулугу үчүн бир нече банктын филиалдары да бар. 18-августта капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин базарга кирүүчү негизги жолдордун бири - Кожевенная көчөсү кайрадан жол кыймылы үчүн ачылды. Ага чейин Элебесов көчөсү менен 9-Келечек көчөсүнүн болжол менен 2,7 чакырымга жакын тилкеси асфальтталган.

Дареги: Кожевенная көчөсү, 74.

Иш убактысы: саат 9:00дөн 17:00гө чейин.

Инстаграм:@alkanbazar.

Globus дүкөндөр тармагы

Кыргызстан боюнча дүкөндөр, бардык дүкөндөрдө болуп жаткан акциялар, Бишкек ичинде Globus-online тиркемеси аркылуу жеткирүү.

Окууга керектүү буюмдардын түрлөрүн мектеп жарманкесине арналган атайын баракчалардан жана Globus жарнамалык гезитинин арткы бетинен көрө аласыз. Канцелярдык товарлар биринчи класстын окуучуларынан баштап университеттин студенттерине чейин каралган.

Instagram: @globuskg.

Вебсайт: globus.kg.

Globus дүкөндөр тармагындагы канцелярдык товарлар
1-4-класстар үчүн:Кыйшык жана чатыраш дептерлер
Көчүрүү дептерлери
Боёочу дептерлер
Өчүрүлүүчү калемдер
Сүрөт тартуучу карандаштар
Санак таякчалары
5-9-класстар үчүн:Жалпы/предметтик дептерлер - 48 бет
Контур карталары жана атластар
Черчения үчүн папкалар жана каражаттар
Калькулятор
10-12-класстар үчүн:Жалпы дептерлер - 48 бет
Барактуу дептерлер
Ар кандай түстөгү калем топтомдору
Органайзер жана тирөөчтөр
Конспект жазуу үчүн маркерлер
Студенттер үчүн:Ар кандай өлчөмдөгү күндөлүктөр
Ар кандай өлчөмдөгү блокноттор
Жалпы дептерлер - 96 бет
Конспект жазуу үчүн маркерлер
Ар кандай өлчөмдөгү кагаздар
Ар кандай форматтагы папкалар жана файлдар

ГУМ "Чынар"

ГУМ "Чынар" дүкөнүнүн 4-кабатынан окуу жылы үчүн керектүү каражаттардын баарын таба аласыз: мектеп формасы, жонбаштык, бут кийим, кийим-кече жана башка балдар буюмдары. 1-2-3-кабаттарда өспүрүмдөр үчүн кийим-кече, мектеп формаларынын кеңири түрлөрү, ошондой эле канцелярдык товарлар жана мектеп үчүн керектүү нерселердин баары бар.

Балаңызды мектепке даярдоодо убаракерчилик тартып, ар кайсы жакты кыдырбай бир жерден даярдаңыз.

Иш тартиби: Күн сайын саат 10:00дөн 22:00гө чейин.

Инстаграм: @gum_chynar..

Kaktus.media сайтынан сунуш. Биринчи класстын окуучулары үчүн стандарттуу канцелярдык буюмдар топтому

Тизме мектептин жана мугалимдин талаптарына жараша өзгөрүшү мүмкүн, бирок биринчи класстын окуучусуна жалпысынан төмөнкүлөр керек болот:

  • Жон баштык.
  • Күндөлүк.
  • 12 беттүү дептер - 20 даана.
  • Дептер үчүн тыш - 20 даана.
  • Окуу китептери үчүн тыш - 10 даана.
  • Карандаш салгыч.
  • Калем - 5 даана (3 көк, 2 жашыл).
  • Карандаш - 5 даана.
  • 15 сантиметрлик сызгыч.
  • Өчүргүч - 2 даана.
  • Карандаш учтагыч.
  • Түстүү кагаз - 10 барак (черчения үчүн 2 папка).
  • Түстүү карандаштар, 12 түс - 1 куту.
  • Акварель боёктору, 12 түс - 1 куту.
  • Кыл калем.
  • Чөйчөк.
  • Түстүү кагаз жана картон топтому.
  • Кургак клей.
  • Учтуу кайчы.
  • Китеп тирөөч.
  • Кулпусу бар папка - 2 даана.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18637