TezJet авиакомпаниясынын лицензиясы жокко чыгарылды
RU

TezJet авиакомпаниясынын лицензиясы жокко чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

TezJet авиакомпаниясынын лицензиясы жокко чыгарылды. Бул туурасында Kaktus.media сайтына өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, Жарандык авиация агенттигинин инспекторлору TezJet авиакомпаниясынын ишмердүүлүгүн пландан тышкаркы текшерүүгө алышкан.

Текшерүү учурунда учуу коопсуздугуна түздөн-түз таасир эткен мыйзамдарды олуттуу бузуу аныкталган.

"Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу агенттиктин эң негизги артыкчылыгы болуп саналат. Ишмердүүлүгү учуу коопсуздугуна коркунуч келтирген бардык операторго карата, анын аталышына, кызмат көрсөтүү мөөнөтүнө же рыноктогу абалына карабастан, эң катуу чаралар көрүлөт", - дешет агенттиктен.

Андан тышкары Кыргызстандагы бардык авиакомпанияларды пландан тышкаркы текшерүү чечими кабыл алынды.

Белгилесек, 7-июлда саат 16:10 чамасында Бишкектен Ошко багыт алган TezJet`тин учагы кырсыктаган. Тагыраагы, учактын негизги сол шассисинин таянычы сынып, бүктөлүп калган. Натыйжада учак сол тарапка кыйшайып, канаты учуп-конуу тилкесинин үстүнкү бетине тийип, токтогон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18225