Эми адал азыктарды өндүрүүдө талапты бузгандар айыпка жыгылат
RU

Эми адал азыктарды өндүрүүдө талапты бузгандар айыпка жыгылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2026-жылдын 15-июнунан тартып Укук бузуулар жөнүндө кодексине киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирип, адал индустрия чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылат. Бул туурасында Экономика жана коммерция министрлиги кабарлайт.

Өзгөртүүгө ылайык, адал продукцияларды өндүрүүдө, сактоодо, ташууда жана жүгүртүүгө чыгарууда белгиленген талаптарды бузгандыгы, ошондой эле тастыктоочу документтерсиз адал продукцияларды, кызматтарды сунуштагандыгы үчүн айып пулдар каралган.

Ага ылайык:

  • жеке жактар үчүн айып пул – 7 500 сом;
  • юридикалык жактар үчүн айып пул – 23 000 сом;
  • шайкештикти тастыктоо жол-жоболорун бузган юридикалык жактар үчүн – 65 000 сомго чейин.

Мыйзамга ылайык, адал продукциялар улуттук бирдиктүү "Адал" белгиси менен маркировкаланышы керек. Мониторинг жана коомдук көзөмөл QR-коддор аркылуу мамлекеттик портал жана мобилдик тиркеме аркылуу жүргүзүлөт.

Жаңы талаптар адал индустриядагы ачык-айкындуулукту жогорулатууга, продукциянын сапатын камсыздоого жана керектөөчүлөрдүн ишенимин бекемдөөгө багытталган

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18000