Өрт чыккан үйдүн экинчи кабатынан ымыркай менен аялдын куткарылган видеосу тарады
RU

Өрт чыккан үйдүн экинчи кабатынан ымыркай менен аялдын куткарылган видеосу тарады

Все самое интересное в Telegram

Бишкектин Элебесов көчөсүндөгү эки кабаттуу турак үйдөн чыккан өрттүн видеосу тарады. Андан үй күйүп жатканда экинчи кабаттын терезесинен ымыркай менен аялдын кантип кутркарылып жатканын көрүүгө болот.

Маалыматка караганда, өрт 7-августта катталган. Видеодогу келин ал газды жагып, идиштеги май кызып турсун деп сыртка чыкканын, кайра келгенде ашкана өрттөнүп жатканын айткан. Ал бөлмөдөгү өрттү өчүрө албай койгонун, кошуналары жардам бергенине карабай үй толугу менен күйүп кеткенин билдирген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, турак үйдөгү өрт 7-августта саат 11:58де чыккан. Жерине 3 күжүрмөн эсеп тартылып, өрт саат 14:38де толук өчүрүлгөн.

Кырсыктан жабыркагандар болгон эмес. Өрттүн жалпы аянты 300 чарчы метрди түзгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18529