"Дүң болуп кетишин каалаган эмесмин". Кулпунайы менен таанылган дыйкандын маеги
Июль айынын башында Ош шаарындагы базарга кулпунай сатууга келген дыйкан менен айрым сатуучулардын ортосунда чыр чыгып, окуя коомчулуктун көңүлүн бурган. Талоондо калган Сталбек Курбаналиев Kaktus.kg сайтына маек куруп, дыйканчылыкка кандайча келгенин, бул тармактагы алгачкы кадамдары оңой болбогонун айтып берди.
Айтымында, буга чейин Орусияда эмгектенип жүргөн. Бирок миграциялык талаптар менен документ тариздөө татаалдашкандан кийин мекенге кайтууну чечкен.
"Дыйканчылыкка чейин Москвада иштеп жүрдүм. Документ тариздөө, текшерүүлөр мурдагыдан татаал болуп калганда Кыргызстанга эле келейин дедим. Өлкөгө келгенден кийин таксист болуп да иштедим. Бирок анча болбоду.
Үй-бүлөм менен Ысык-Көлгө эс алганга барып, кулпунай эккендерди көрүп кызыгып калдым. Ижарага жер алайын десем, көчөткө акчам тартыш болуп калат экен. Иним менен кеңешип, ата-энемдин огородуна тигип көрөйүн дедим. Ошентип дыйканчылыкка өттүм, жакындарым жардам беришти. Биринчи жылы эккенде түшүм жакшы болгон жок, анын үстүнө көчөттүн жарымын өлтүрүп алгам. Быйыл Кудайга шүгүр, көбөйтүп алдым. Түшүм алуу май айында башталды, таза пайда 300 миң сомдон ашты. Дыйканчылыгым жакшы болуп жатат", - деди ал.
Дыйкан бул тармакта жакшы киреше табууга мүмкүн болгону менен эмгек кылуу кыйын экенин белгиледи. Ал биринчи жылы кулпунайлардын мөмөсү майда болуп калганын, быйыл чоң-чоң болуп, көргөндөрдүн кызыгуусун арттырып жатканын кошумчалады.
Мол жана сапаттуу түшүм алууга жетишкен дыйкан, кулпунайдын экинчи түшүмүн чогултуп, базарга алып чыкканда соодагерлер тарабынан талоонго калган. Мындай жорук ал үчүн күтүүсүз болгон.
"Кудай деле кечиримдүү болгонду жакшы көрөт эмеспи. Мен аларды ошол эле күнү кечиргем. Дүң болуп кетишин каалаган эмесмин. Эжеме окуя тууралуу айтсам ачууланды. Мен мыйзам жакшы иштеп калды, мыйзам менен эле сүйлөшөлү, алар менен өмүр бою тытышып калбайлы дедим. Аңгыча эле милиция кызматкерлери чуу салгандарды алып келиптир. Жолуктук, сүйлөштүк. Байкасам шерменде болуп кетчүдөйбүз, аялдардын таягына чыдабай не дедим. Кудай үчүн кечирдим деп, арыз жазуудан баш тартып, үйгө кеткем. Эртеси окуяны видеого тарткан байке сурады эле, уруш-талаштын кереги жок экенин түшүндүрдүм. Анын эртеси эле келинчегим ойготуп, "жылдыз болуп кетипсиң" деди. Эмне болуптур деп карасам эле интернетте талкуулар кызып жатыптыр. Социалдык тармактарды жакшы деле түшүнбөйм, телефонду да көп кармабайм", - дейт ал.
Бирок 1-2 күндөн кийин көпчүлүктүн пикиринен улам кайра арыз жазган. Арыз жазгандан кийин кол көтөргөн келиндердин, дагы бир кишинин жолдоштору, жакындары, кичинекей балдары менен алдына барганда баш тарта албай койгонун жашырган жок.
"Өзүм жетим өскөндүктөн балдарды көрүп жаман болуп кеттим. Кичинекейиңде ата-энең жок болуп кетсе издеп, жаман болосуңго... Апам кичинекей кезимде каза болуп калган. Эненин мээрими баары бир башкача. Ортодогу чыр эмоциядан келип чыкты да. Өмүр бою жаманатты болгум келбейт деп, балдар үчүн эртеси арызымды алдым", - деп окуяга чекит коюлганын билдирди.
Дыйкан башынан өткөн окуяга карабастан эмгегин улантып, жергиликтүү айыл чаба продукциясын өстүрүүнү, аны керектөөчүлөргө жеткирүүнү көздөп жатканын билдирди. Ал белгилегендей, сапаттуу түшүм алуу менен катар мөмөнү туура жыйноо да маанилүү. Ошондуктан кулпунайды терүүдө башкаларга ишене бербейт.
"Сапатка басым жасайм. Кулпунайды аябай кылдат терем, ар кимге эле тердире бербейм. Кулпунайлар 1 аптага чейин бузулбай турсун дейм. Алган адамдарга да жагымдуу болот да. Негизи башкаларга тердиртип көрдүм, бирок урунуп калат да, эртеси эле эзилип, бузула баштайт. Товарың жакшы болсо сатканга да жакшы, статусуң да өйдө болот", - дейт.
Сталбек Курбаналиев базарга алып барганда тебилип, жолго чачылган кулпунайлардын ар бирин бирден тизип чыкканын, бир ящикте миңдей мөмө болорун кошумчалады.
Ишкердин максаты кардарларга сапаттуу азык сунуштоо. Ал келечекте кулпунайдын аянтын кеңейтип, айылдаштарын мезгилдик жумуш менен камсыздоону көздөп жатканын айтты.
"Алдыда кулпунайды дагы көбөйтүүнү ниет кылып жатам. Эгер көбөйтүп алсак, айылдагы анча-мынчаларга да жумуш болот. Андан тышкары жакшы иштерди, тагыраагы, кайрымдуулук кылуу ниетим бар", - деген пландары менен бөлүштү.
Дыйкан менен соодагерлердин окуясы жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн укугун коргоо, базарлардагы соода эрежелерин сактоо жана баардык сатуучулар үчүн тең атаандаштыкты камсыз кылуу маселеси курч экенин көрсөттү.
Белгилесек, чырдан кийин Ош шаарынын мэри Жанар Акаев Сталбек Курбаланиевге базардан мыйзамдуу негизде соода жүргүзө турган орун бөлүп берүүнү тапшырган. Бул дыйканга өзү өстүргөн мөмөлөрдү тоскоолдуксуз сатууга шарт түзөт.

