Камчыбек Ташиевдин адвокаты соттун өкүмүнө каршы арыз берди
RU

Камчыбек Ташиевдин адвокаты соттун өкүмүнө каршы арыз берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Камчыбек Ташиевдин адвокаты райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко кайрылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына адвокат Икрамидин Айткулов билдирди.

Айткуловдун айтымында, алар Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө макул эмес, ошондуктан соттун чечимине каршы даттанышкан.

"Кечээ, 29-июлда мен Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылдым жана актоо чечиминен үмүттөнүп жатабыз", - деди Айткулов.

Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиевге "Бийликти күч менен басып алууга даярдануу" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган.

Райондук сот Ташиевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча күнөөсүз деп тапкан. Ал эми бийликти күч менен басып алууга даярдануу боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда сот 3 жылга пробация колдонгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18394