Кыз-келиндерди өлтүргөндөрдү өмүр бою соттоо сунушталды
RU

Кыз-келиндерди өлтүргөндөрдү өмүр бою соттоо сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда кыз-келиндерди өлтүргөндөрдү өмүр бою эркинен ажыратуу сунушталды. Демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Бурун Аманова сунуштады.

Мыйзам долбооруна ылайык, гендердик негизде аялды өлтүрүү, кош бойлуу аялды өлтүрүү, зордуктоо менен коштолгон өлүм жана өзүн-өзү өлтүрүүгө түртүү оор кылмыш катары каралат.

Мындай кылмыштар үчүн мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу түрүндө жазага тартылат.

Ошондой эле документте аялдарды өлтүргөн деп соттолгондорго мунапыс колдонулбай турганы айтылат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18169