Шаирбек Ташиев үй камагына чыкты
RU

Шаирбек Ташиев үй камагына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мунай тармагындагы коррупциялык схема боюнча кармалган Шаирбек Ташиев үй камагына чыкты. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, ал мамлекетке келтирилген зыяндын негизги бөлүгүн төлөп берди.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, "Кыргызнефтегаз" ААК жана "Кыргызгаз Петролеум Компани" ЖАКтын кызмат адамдары күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуунун коррупциялык схемасын уюштурушкан. Мыйзамга каршы аракеттердин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген.

"Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучу Т.Ш.К. мамлекетке келтирилген зыяндын негизги бөлүгүн өз ыктыяры менен төлөп берген. Ушул жагдайга байланыштуу соттун чечими менен ага карата колдонулган бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө иштери уланууда деп кошумчалашты министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18370